Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Индия Пакистанды Кашмирдеги чабуул үчүн айыптады


Кашмирдин жаш тургуну Индия полициясын көздөй таш ыргытып жатат. Шринагар, 24-апрель, 2017-жыл.
Кашмирдин жаш тургуну Индия полициясын көздөй таш ыргытып жатат. Шринагар, 24-апрель, 2017-жыл.

Индия "Пакистан 10-февралдагы кыянатчылык үчүн жооп берет" деп эскертти. Ал күнү армиянын бөлүгүнө кол салуудан кеминде алты аскер окко учуп, 11 киши жарадар болгон, үч согушкер жок кылынган.

Коргоо министри Нирмала Ситхараман чабуулду уюштурган террорчулар Пакистанда жайгашкан "Жаиш-и-Мохаммед" уюмунун мүчөлөрү экенин, индиялык аскерлерде алар Пакистандан башкарылып жатканынын далили бар экенин айтты. Ал эми Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын дооматтарын четке какты.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө экинчи күн катары менен коопсуздук күчтөрү менен куралчан топтун атышуусу уланууда. Жаңжал бир күн мурда, Шринагар шаарындагы полиция бөлүмүнүн жанында башталган.

Кашмир 1947-жылы Британиянын оторчулугу аяктаганда Индия менен Пакистандын ортосунда бөлүнгөн. Эки өлкө тең аймакты ошондон бери талашып жүрүшөт.

Дели Исламабадды "көзөмөл сызыгына өзү машыктырган согушкерлерди жөнөтүүдө" деп айыптап келет. Пакистан болсо Кашмирдин өз тагдырын аныктоо күрөшүнө дипломатиялык колдоо көргөзгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG