Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:41

Донбасстагы кагылышуудан бир украиналык аскер курман болду


Украинанын чыгышындагы Первомайск шаарындагы өкмөттүк аскерлер. 17-сентябрь, 2014-жыл.
Украинанын чыгышындагы Первомайск шаарындагы өкмөттүк аскерлер. 17-сентябрь, 2014-жыл.

Расмий Киев Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулардан бир аскер мүрт кетип, экөө катуу жарадар болгонун билдирди.

Коргоо министрлиги 13-февралда тараткан билдирүүгө ылайык, Орусияга таянган козголоңчулар ок атышпоо режимин соңку 24 сааттын ичинде 11 жолу бузушкан.

Ал эми Донбасстагы козголоңчулар тескерсинче күнөөнү өкмөттүк күчтөргө оодарып жатышат.

Украин армиясы менен өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын көзөмөлдөп турган орусиячыл козголоңчулардын ортосунда куралдуу кагылышуулар 2014-жылдын апрелинде башталган.​ Андан бери он миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Кризисти жөнгө салуу максатында 2014-жылдын сентябрь айында жана 2015-жылдын февраль айында кабыл алынган Минск келишими натыйжа бере элек.

Ал эми ок атышууну токтотуу боюнча 2017-жылдын соңунда кабыл алынган жаңы келишим 23-декабрда күчкө кирмек. Бирок андан бери эки тарап бири-бирин "тынчтык келишмин бузду" деп такай айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG