Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Украина: жараны ырбаткан блокада


Украиналык улутчулдар Донбасс жана Луганскты өлкөгө туташтырган темир толду тосуп турат.
Украиналык улутчулдар Донбасс жана Луганскты өлкөгө туташтырган темир толду тосуп турат.

Улутчул күчтөр жикчилдер байырлаган Чыгыш Украинаны блокадага алып, ал жактан көмүр ташууну, экономикалык байланыштарды үздү. Өкмөт Донбасс жана Лугансктан көмүр ташууну токтотуу энергетикалык кризиске алып келет деп, бирок блокаданы ачууга батынбай турат.

Украина улутчулдары Луганск жана Донбасс региондору менен байланышкан темир жолдорду тосуп, жикчил аймактардан экономикалык байланыштарды үзүүгө умтулууда.

Улутчулдардын дээрлик бир айдан бери жүрүп жаткан мындай аракетине Украина парламентинин үч депутаты кошулуп, алардын артында бир топ таасирлүү күчтөр жана олигархтар турары айтылууда.

Улутчулдар Луганск жана Донбасстан келген поезддерди өткөрбөй койгондуктан, Украинага көмүр келбей энергетика тармагы кыйынчылыкта калды. Украинанын өкмөт башчысы Владимир Гройсман блокада өлкөнүн энергетикасы эле эмес, жалпы экономикасын кыйратып саларын билдирди:

- Мындай блокада биздин мамлекеттин экономикасына терс таасирин тийгизет. Мен бир нече мисал келтирейин. Бул шаарлардагы борбордук жылытуу системасына коркунуч, электр энергиясы менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы, өндүрүш токтоп, киреше жоголуп жана анын айынан жүз миңдеген адамдардын жумушсуз калышы. Бул улуттук экономикага зыян алып келет.

Блокада экономика жана социалдык инфраструктурага оорчулук алып келгенин өкмөт башчы да, президент да ырастады. Бирок бири да темир жолду күч менен ачууга тийиштүү органдарга буйрук берүүгө батынбай турат.

Блокададан Донбасс жана Луганск региону да жабыркап, продукциялары өтпөй, натыйжада кирешесиз калууда. Жикчилдердин лидерлери буга байланыштуу алар көзөмөлдөгөн аймактагы ишканаларды улутташтырууга барарын айтууда. Улутташтырыла турган 40тын тегерегиндеги ишканалар негизинен олигарх Ринат Ахметовго таандык көмүр кендери, металлургиялык заводдор жана башка өндүрүш ишканалары.

2-мартта Ринат Ахметов “биз жеке менчик кол тийгис экенине ишенебиз. Биздин компанияларды кайра каттоо жана өзүн өзү мамлекет жарыялаган ДНР жана ЛНРга салык төлөө кабыл алгыс” экенин билдирди.

Жикчилдер өз кезегинде ал ишканалар Донбасс жана Луганскта катталганын, ушул жерге салык төлөшү керектигин айтышууда. Алар блокаданын айынан өндүрүлгөн продукцияны орус базарына чыгарууга аракеттенишерин билдиришти.

Украина президенти Петро Порошенко Чыгыш Украинада түзүлүп жаткан кырдаалга Орусияны күнөөлөдү:

- Ал аймактарды рубл зонасына киргизүү, ал жактардагы мүлктөрдү конфискациялап, Орусия жарандарына өткөрүп берүү, Орусия Федерациясын газ жана энергия менен камсыздоосу, түздөн-түз бюджеттик чегерүүлөр - мунун баары аймактын Орусия күчтөрү басып алганын ачык-айкын көрсөтүп турат. Бул мамлекеттик чек араны орус күчтөрү көзөмөлдөп турушу менен да ырасталат.

Петро Порошенко блокада жараткан кырдаалдан чыгуунун жолун сунуштай элек. Ал Чыгыш Украинада ишканаларды улутташтырууга баргандарга санкция жарыяланарын эскертти.

Бул арада “какаганга муштаган” дегендей Украина батышындагы Львов облусундагы көмүр шахтасында 2-мартта жарылуу болуп, андан сегиз кенчи набыт болгон. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20 кенчи дайынсыз экенин билдирди. Өкмөт башчы Гройсман кырсык болгон жерге жөнөп кеткенин маалымат кызматы кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG