Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жикчилдер Донбасстагы заводдорду басып алды


Донбасс
Донбасс

Украина чыгышында блокадага байланыштуу кырдаал курчуду. 1-мартта орусиячыл жикчилдер өздөрү көзөмөлдөгөн аймактардагы 40 ишкана менен көмүр кендерин тартып алып, бул кадамды блокадага жооп деп сыпатташты. Донбассты Украинанын калган облустары менен байланыштырган темир жолдор январда буулган болчу.

Өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" деп атап алышкан жикчил аймактардын бийликтери 1-марттан тарта көзөмөлүндөгү райондордо орун алган украиналык ишканаларга сырттан башкаруу киргизип жатканын бышыкташты. Биргелешкен билдирүүдө мындай кадам ал чөлкөмдөрдү Украинанын калган облустары менен байланыштырган темир жолдорунун блокадага алынышына жооп катары жасалганы айтылды. Алар бул ишканалар Орусия рыногуна ылайыкташтырыларын кошумчалашты.

Кремл жикчилдердин чечимин кубаттап, президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков региондор “жан сакташы керек” деп билдирди:

- Өз өлкөсүнүн өгөй мамилесине туш болгон аймактар экстремист элементтер тарабынан киргизилген блокададан улам кыйын абалга кептелгенине күбө болуп жатабыз. Кайсы бир деңгээлде ошол региондордун жетекчилери кабыл алган чечимди түшүнсө болот.

Жикчилдердин лидери Александр Захарченко Донецк шаарындагы Юзов металлургиялык заводунда жүрөт. 1-март, 2017-жыл.
Жикчилдердин лидери Александр Захарченко Донецк шаарындагы Юзов металлургиялык заводунда жүрөт. 1-март, 2017-жыл.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков 28-февралда Киев керек болсо блокаданы күч менен токтотууга тийиш деп билдирди. Камоол январдын орто ченинде аймакта согушкан украиналык ветеран аскерлердин демилгеси менен киргизилген. Алар муну "Донецк жана Луганск элдик жумурияттарынан" чыгып жаткан аткезчиликке каршы күрөш катары түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле алар туткундарды бошотууну жана Киевге баш ийбеген аймактар менен экономикалык алкаларды үзүүнү талап кылышууда. Министр Аваков аларды «адискөй алдамчылар» деп атады.

Жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасста бир нече көмүр кендери, ири заводдор иштеп жатат жана алар Украинанын юрисдикциясына кирет.

Байкоочулар блокаданын кесепеттери Украинанын өзүнө чоң залакасын тийгизип жатканын белгилешет.

Киев өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 10-февралда Донбасстан көмүр ташуу толугу менен токтогон. Украинанын жылуулук электростанциялары көмүрсүз калды.

Премьер-министр Володимир Гройсман блокаданын кесепеттерине токтолуп мындай деди:

- Блокаданын оң жана терс жактарын карап көрөлүчү. Бүгүн украиналык металлургдар менен жолугуштук. Өндүрүштүн 17 пайызы ушул тармакка туура келет. Валюталык кирешенин 25 пайызы металлургиядан түшөт. Анан алып туруп эле көмүрдөн кесип салышты. Бул – Украинанын украиндерге таандык көмүрү. Блокададан улам көмүрдү иш жүзүндө Орусиядан сатып алууга туура келип жатат.

Айрым металлургиялык заводдор ишин токтотууга аргасыз болгону маалымдалууда. Кээ бирлерин ишке кайра киргизүү технологиялык жактан өтө оор болорун адистер белгилешет.

Энергетикадагы кыйын абалга байланыштуу президент Петро Порошенко өзгөчө кырдаал жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG