Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Таш-Көмүрдө дарыяга бой таштап аман калган кыз ооруканада жатат


Нарын дарыясы. Архивдик сүрөт.
Нарын дарыясы. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына көпүрөдөн бой таштаган кыз аман-эсен куткарылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 12-февралда милиция дарыя жээгиндеги жарда асылып турган кызды жергиликтүү тургундар менен бирге алып чыккан. Учурда ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат жана абалы канаттандырарлык. 

Кыздын жашы 18де экени, Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алары, Таш-Көмүргө туугандарынын үйүнө барганы кабарланды. Ал эч кимге доосу жок экендигин билдирген. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG