Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Чалгын кызматы: Орусия быйылкы шайлоого да кийлигишүүсү мүмкүн


Дэн Коутс, Улуттук Чалгын кызматынын башчысы
Дэн Коутс, Улуттук Чалгын кызматынын башчысы

13-февралда АКШнын Сенат комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Улуттук чалгын кызматынын башчысы Дэн Коутс шайлоодо Москва социалдык тармактар аркылуу өзүнүн үгүт иштерин улантат деп күтүлүп жатканын айтты.

- 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүн "ийгиликтүү" деп баалаган Орусия ал тажрыйбасын быйылкы шайлоодо колдонбойт деп шектенүүгө мүмкүн эмес, -деди Коутс Сенаттын глобалдык коркунучтар боюнча жылдык угуусунда сүйлөгөн сөзүндө.

Коутстун баасын башка чалгын кызматтарынын, анын ичинде ЦРУнун башчысы Майк Помпео да кубаттады. Эки апта мурда ал быйылкы шайлоого Москва кийлигишерине көзү жетип турганын билдирген.

Сенат комитетинин төрагасынын Демократиялык партиядан келген орун басары Трамптын администрациясын Орусиянын шайлоого кийлигишүүсүнө жол бербөөгө даяр эмес деп сындады.

Америкада быйыл 6-ноябрда Конгресске шайлоо болот. Анда Өкүлдөр палатасына 435, ал эми Сенатка 34 киши шайланат.

XS
SM
MD
LG