Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Нидерланддардын тышкы иштер министри калп айткан үчүн кызматтан кетти


Халбе Зейлстра
Халбе Зейлстра

Халбе Зейлстра 2006-жылы Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушканы тууралуу калп айтып келгенин бир күн мурда билдирген. Ал мындан ары жогорку кызматта иштей албай турганын айтып, иштен кетти.

Нидерланддардын тышкы иштер министри De Volkskrant гезитине маек берип, 2006-жылы Путин менен жолугушуу болбогонун мойнуна алган. Ошондой эле ал орус президентинин “Улуу Орусиянын” курамына Украина, Беларус, Казакстан жана Прибалтика кириши керек деген сөзүн да өз кулагы менен укпаганын кошумчалаган.

13-февралда ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-февралда Нидерланддарын ТИМ башчысы менен жолугушууну пландап жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG