Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү кийинкиге калды


Кайрат Абдрахманов, Казакстандын тышкы иштер министри
Кайрат Абдрахманов, Казакстандын тышкы иштер министри

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр Орусия, Иран, Түркия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өтөт.

Бул тууралуу Казакстан тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди. Дипломаттардын жолугушуусу кийинки айда Астанада өтүшү ыктымал.

Акыркы жолу Сирия сүйлөшүүлөрү 21-22-декабрда өткөн, тараптар кийинки жолугушууну февралга белгилешкен. Ай башында Абдрахманов отурумду 20-февралда уюштуруу пландалып жатканын билдирген.

Казак министринин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу баарынын иш графиги тыгыз. Буга байланыштуу Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү мартта өтүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG