Нааразылык акциясы Жогорку Кеңештин алдында болорун "кургак ачкачылыкты" эки апта мурда баштаган Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева "Азаттык" радиосуна билдирди:
-14-февралда парламенттин жанына чыгып, депутаттарга кайрылабыз. Ачкачылык кармап отургандар кечээ элге, парламентке кайрылуу жолдошкон. Эгер Жогорку Кеңеш бул кайрылууну карабаса, булар уколдон да баш тартабыз деп жатышат.
"Саясий туткундарды коргоо комитети" абакта ачкачылык кармап отургандар жөнүндө кайрылууну Жогорку Кеңешке өткөн аптада берген. Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчы - Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков элге кайрылышты. Кайрылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күнөөсүз кишилерге кыйноонун аёосуз түрлөрүн колдонору, буга жетиштүү далилдер бар экени белгиленген. Бул айыптоолор боюнча УКМК пикирин билдире элек.
"УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тарта "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалышкан. Сот Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга кескен.
Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын "Азаттыкка" 13-февралда билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлер көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тарта суу иче баштаган.(ZKo)