Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:11

Зомбулукка каршы "Тез жардам" тиркемеси иштелип чыкты


"Тез жардам" тиркемесинин белгиси.

Кыргызстанда зомбулукка кабылган жарандар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте укук коргоочулар менен эл аралык IT адистер бул багытта жолугушуулары өткөрүшкөн. ​"Тез жардам" деп аталган жаңы тиркемени ар бир жаран өзүнүн чөнтөк телефонуна жүктөп алса болот.

Бекназарова буга чейин тиркеменин актуалдуулугу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген:

- Ала качуунун, зордуктоонун курмандыгы болгон кыз-келиндердин иши сотко өткөндө алардын укугу дээрлик корголбой калып жатат. Ошондуктан биз аларга жардам берүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну чечтик. Маселен, азыр смартфондор баарында, айылда деле бар эмеспи. Мобилдик тиркеме иштеп чыксак, аны каалагандар чөнтөк телефонуна жүктөп алса болот. Мисалы, ала качууга дуушар болгон кызда мындай тиркеме бар болсо ал башкаларга билгизбестен эң жакын адамдарына сигнал бере алат, болуп жаткан окуяны аудиого жаздырып алса болот, себеби ал кийин териштирүүдө далил катары керектелет.

Ошону менен катар "Айымкана" деген тиркеме да иштелип чыкты. Анда зомбулукка кабылган учурда кайсы мамлекеттик органга кантип кайрылса болору тууралуу бардык маалыматтар камтылган.​

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган факттар жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2011-жылы 794 болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG