Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ошто окуучуларга экстремизм тууралуу маалымат берилди


Окуучуларды окутуу учуру. Ош.
Окуучуларды окутуу учуру. Ош.

6-февралдан 14-февралга чейин Ош шаарындагы бир катар мектептердин окуучулары экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу, дин багытындагы маалымдуулугун жогорулатуу боюнча окуудан өткөрүлдү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков “Азаттыкка” билдирди.

Сабактарга 9-11-класстын окуучулары катышкан. Аларга экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча даярдалган брошюралар жана буклеттер да таратылды.

Мындай окутуулар эми өлкөнүн башка аймактарындагы орто билим берүү мекемелеринде да уланат.

Экстремисттик жана радикалдык топтор акыркы мезгилдери стратегиялык саясатын өзгөртүп, өздөрүнө аялдарды жана балдарды тарта баштаганы кабарланып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG