Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:48

Бишкекте лифт оңдогон эки адам кулап кетип, бирөө каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза болду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, факт боюнча комиссия түзүлүп, адистер окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча лифт оңдогон кызматкерлер техникалык эрежелерди бузган деп болжолдонууда.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG