Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

НАТО 2024-жылга коргонуу чыгымдарын көбөйтүү планын иштеп чыгат


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 15-февраль, 2017-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 15-февраль, 2017-жыл.

Түндүк Атлантикалык альянска кирген 29 өлкөнүн 15и 2024-жылга чейин коргонууга кетчү чыгымдарды 46 миллион долларга чейин көбөйтүү планын иштеп чыгышты. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Бул алгылыктуу жылыш жана жакшы башталыш» деди 13-февралда Брюсселде өткөн НАТОнун мүчөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында.

“2014-жылдан бери европалык өнөктөштөр менен Канада коргонууга бөлүнгөн акчаны көбөйткөнүнө күбө болдук” – деди баш катчы.

Столтенбергдин мындай билдирүүсү АКШнын коргоо министри Жим Мэттис НАТОго кирген өлкөлөрдөн коргонууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү талап кылганы жаткан учурда айтылды.

АКШнын президенти Доналд Трамп Европадагы өнөктөштөрүн НАТОнун бюджетине кошчу салымын көбөйтүүгө чакырып, болбосо Вашингтон баштагыдай жүктүн көбүн тарта албай тургандыгын эскерткен.

НАТОнун талаптары боюнча уюмга кирген өлкөлөр коргонуу үчүн жылына улуттук дүң өнүмүнүн кеминде 2% сарпташы керек.

2017-жылы НАТОнун аскердик чыгымдары 280 млрд. долларга жетип, эки жыл мурункуга караганда 26 млн. долларга көп болду.

XS
SM
MD
LG