Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Ирандын бийлигин айыптады


Иранда өкмөткө каршы митингге чыккандар, 11-февраль, 2015-жыл.
Иранда өкмөткө каршы митингге чыккандар, 11-февраль, 2015-жыл.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Иран бийлигинин журналисттерди куугунтуктаганын, жаңылыктар менен маалыматты көзөмөлдөгөнүн “келишүүгө болбой турган көрүнүш” деп атады.

Парижде жайгашкан, сөз эркиндигин коргогон уюмдун 13-февралдагы билдирүүсүндө Иран бийлиги “өз өлкөсүндө жана анын сыртында маалыматты көзөмөлдөөнү күчөтүү аракетинде” экени айтылат.

“Соңку 39 жылда саясий режимдин эркин медианы куугунтуктаганы "келишүүгө болбой турган” көрүнүш экени, Ирандагы “полициянын жана соттун куугунтугуна” калгандар белгиленет.

Билдирүүдө “Ирандын тарыхындагы каардуу жылдарда камалган жана кесилген журналисттердин так саны эмгиче белгисиз” экени айтылат.

Эл аралык уюм ошондой эле иран бийлигинин эркин медианы ооздуктоо аракети өлкө сыртына да багытталганын белгилейт.

Билдирүүдө Ирандын визасы бар бир катар журналисттер декабрь жана январь айларындагы өкмөткө каршы митингдерди чагылдырууга ээн-эркин жүрө албагыны айтылат.

Иран дүйнөдөгү сөз эркиндигинин рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турат.

XS
SM
MD
LG