Сүйүүңүздү кантип билдиресиз?
14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды. Бүгүн дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. Ыйык Валентин же ашыктардын күнү католиктердин майрамы болуп саналат. Бирок кийинки кездери кеңири жайылып, Махабат майрамы катары белгиленип келүүдө. Ал эми сүйүү, жакшы көрүү сезимин кыз-жигитке, ата-эне, жакындарына кантип билдирсе болот? "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына ушул суроону берди.
Чыгарылыштар
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады