Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

АКШнын Флорида штатындагы мектепте ок атылды


Окуучуларды эвакуациялоо учуру. 14-февраль, 2018-жыл.
Окуучуларды эвакуациялоо учуру. 14-февраль, 2018-жыл.

Штаттын түштүк тарабындагы Паркланд шаарында мектепте атылган октон кеминде 17 киши набыт болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жарадарлардын саны элүүдөн ашат деп ырасташууда. Мектепке полициянын жана "Тез жардамдын" көптөгөн унаалары келди. Ок аткан 19 жаштагы Николас Круз кармалды. Ал мурда бул мектепте окуп, жүрүш-турушу үчүн окуудан чыгарылган.

Маалыматтарга караганда 12 киши мектептин ичинде, үчөө короодо мерт болгон. Эки адам ооруканада көз жумган.

14-февраль күнү АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин Мэриленддеги штаб-квартирасынын жанында ок атылган. Андан үч киши жабыркап, ок атууга байланыштуу шектүү катары бир киши кармалган. ФБР окуянын терроризмге байланышы жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG