Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Париждеги текстиль көргөзмөсүнө кыргызстандык ишканалар катышты


Көргөзмө учурунда. Париж, 14-февраль, 2018-жыл.
Көргөзмө учурунда. Париж, 14-февраль, 2018-жыл.

Кыргызстандык кийим тигүүчү бир нече ишкана 11-14-февраль күндөрү Парижде өткөн ири көргөзмөгө катышты. Алардын бири, "Cool Bros" ишканасынын башчысы Азимкул Жолдубаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул көргөзмө тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө инвестор табууга багытталган:

- Былтыр көргөзмөдө биз европалык буюртмачылар менен келишим түзүш үчүн кандай шарттарды аткарыш керек экенин үйрөнгөнбүз. Бул жолу алгачкы буюртмаларды алуу максатында көбүрөөк келишимдерге жетүүнү көздөдүк.

Кыргызстандык тигүүчүлөр Париждеги мындай көргөзмөгө экинчи ирет катышууда. Кыргызстандык ишканалардын бул иш-чарага аралашуусуна "Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси" долбоору колдоо көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG