Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Эл аралык уюмдар камактагы өзбек журналистин бошотууга чакырды


Акром Маликов.
Акром Маликов.

Эл аралык жыйырма укук коргоо уюму Өзбекстандын бийлигин журналист Бобомурод Абдуллаевди, блогер Хаётзан Насреддиновду жана жаш окумуштуу Акром Маликовду камактан чыгарууга үндөштү.

Алар 13-февралда жарыяланган билдирүүсүндө расмий Ташкенттен камактагы журналист Бобомурод Абдуллаев кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрдү иликтөөнү талап кылышкан.

"Өзбекстан өкмөтү атайын кызматты реформалаш үчүн кадам коюп жаткан чакта камактагы журналисттер кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөр тез арада иликтениши керек", — деди "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов.

8-февралда ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов өз булактарына таянуу менен журналист Бобомурод Абдуллаевди "мыйзамсыз кармап, кыйноого алып жана кылмыш ишин жасалмалагандыгы" үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын эки офицери жумуштан алынганын билдирген.

Былтыр сентябрда камакка алынган журналист Бобомурод Абдуллаев "серепчи Усман Абдуллаев" деген жашыруун ат менен Интернетке сын макалаларды чыгарып турган деп айыпталууда. Бул иш боюнча айыпталып жаткан башка төрт адамдын бири, 27 жаштагы окумуштуу Акром Маликов Өзбекстандын учурдагы жетекчилигин ачык сындаган. Кылмыш иштери боюнча Ташкент облустук соту аны конституциялык түзүлүшкө кол салуу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.

Өткөн жылы октябрда камалган ташкенттик блогер жана окутуучу Хаетхан Насреддинов өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу боюнча айыпталган.

XS
SM
MD
LG