Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 20:51

Тогуз-Тородо жоголгон чабандарды издөө уланууда


Тогуз-Тородогу куткаруу иштеринен бир көрүнүш. 27-декабрь, 2016-жыл. (Архивдик сүрөт).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, райондогу Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын эки тургуну мал издеп кеткен боюнча дайынсыз болууда. Алар 6-февраль күнү үйдөн атчан чыгып кетишкен. 12-февралда алар менен кошо кеткен 35 жаштагы К. Чоялиев кайтып келип, жанындагы өзүнүн 41 жаштагы бир тууганы жана 28 жаштагы С. Айылчиев адашып кетишкенин билдирген.

Жоголуп кеткен малчыларды издөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен жүргүзүлүп жатат. (ZKo)тогуз-торо, көк-ирим, бирдик, мал, издөө, Чоялиев, Айылчиев

XS
SM
MD
LG