Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 14:19

Кадамжай сурма комбинатынын башкы имараты сатыкка коюлду


Кадамжай сурма комбинаты.

Кадамжай сурма комбинатынын административдик имаратын "Ош электр" ишканасы сатыкка койду. "Ош электр" ишканасынын басма сөз катчысы Талгат Алихановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, имарат комбинаттын электр энергиясына карызы үчүн бир топ жыл мурун "Ош электрдин" карамагына өткөрүлгөн.

Комбинаттын административдик имараты ушуну менен экинчи ирет аукционго коюлууда. Имараттын жалпы аянты 627,52 чарчы метр. Баштапкы баасы 14, 689 млн. сомго бааланган. Аукцион 27-февралда өтөт.

Кадамжай сурма комбинатын 2005-жылы Казакстандын “АТФ инвест” аттуу компаниясы сатып алган. Казак ишкерлери комбинаттын 8 миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар инвестиция салууга убада беришкен. Бирок тескерисинче комбинаттын карыздары көбөйүп, Социалдык фондго карызы 32 миллион сом, "Ош электрге" 70 миллион сом, “Кыргызалтынга” 80 миллион сом карызы бар экени кабарланган.

75 жылдан бери иштеп келаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган. (MN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG