Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Парламентте депутаттардын автоунаа маселеси кайрадан көтөрүлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самиугуллина журналисттерди конструктивдүү болууга чакырып, коом үчүн актуалдуу темаларды көтөрүүнү өтүндү. Ал 15-февралдагы жалпы жыйында сүйлөп жатып, журналисттер "депутат айымдарга кызматтык унаа керекпи же жокпу" деген теманы кайра-кайра жазып, кээде жеке жашоого чейин аралашып жатканын сындады:

- Журналисттер "депутаттарга коомдук транспортто жүрүү ыңгайлуубу же жокпу" деген маселеге кызыкпай, "биздин аялдарга төрөт үйлөрүндөгү шарттар ыңгайлуубу" деген темага кызыгышса жакшы болор эле. Маалыматтар жөн эле ызы-чуу салбастан, коомго пайда келтириши керек. Ошондуктан журналисттерге кайрылып, конструктивдүү болушун суранам. Сураныч, депутаттар көтөрүп чыккан актуалдуу темаларга көңүл бурсаңар.

Самигуллинанын бул пикирин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров да улап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кызматтык унаасы жок аял депутаттарга машине берүү демилгесин туура түшүнүү менен кабыл алышы керек экенин белгиледи:

- Мага да кайрылган депутаттар бар. Депутаттардын 5-10 пайызы, айым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Мыйзамда так көргөзүлгөн норма бар. Ал парламенттин аброю. Эл аралык байланыштагы, парламент аралык байланыштагы норма бар. Ошондуктан бул нерсеге урматтуу жалппыга маалымдоо каражаттары туура мамиле кылышы керек.

1-февралда парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев айрым кызматташтары коомдук транспортто жүргөнүнөн уяларын айтып, коомчулуктун сынына кабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG