Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жалал-Абадда кар көчкүдөн улам Ала-Бука-Киров жолу жабылды


Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү. 17-январь, 2018-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү. 17-январь, 2018-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунда түшкөн кар көчкү Ала-Бука-Киров жолун жаап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, көчкү жолдун 95-96-чакырымында бүгүн эртең менен 08:40та түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1000 куб метр деп саналууда. Министрлик билдиргендей, мындан сырткары 112-чакырымдагы Мазар-Сай участогуна 500 куб метр кар көчкү түшкөн.

Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат. Окуя болгон жерде №27 жол иштетүү башкармалыгынын эки бульдозери жана жүк ташуучу автоунаасы иштеп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG