Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Президент башкы прокурорго негизсиз текшерүүлөрдү азайтууну тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учур. 15-февраль, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учур. 15-февраль, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура жана башка укук коргоо органдары жүргүзгөн негизсиз текшерүү фактыларын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү. Ал 15-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурда ушундай тапшырма берди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков:

- Тынымсыз текшерүүлөр мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат, - деп белгиледи.

Жээнбеков укук коргоо жана башка органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча көзөмөл жетишсиз болуп жатканын кошумчалаган.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президент УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин айтып, күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган.

13-февралда атайын кызматтын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин талдап чыгууну тапшырган. Кызматкерлер ал жерде иштөөгө ылайыктуубу деген өңдүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG