Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Мавлян Аскарбековдун сотунда эксперттер көрсөтмө берди


Мавлян Аскарбеков Бишкектеги митингдердин биринде сүйлөп жаткан учуру.
Мавлян Аскарбеков Бишкектеги митингдердин биринде сүйлөп жаткан учуру.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Мавлян Аскарбековго байланыштуу ишти кароону улантты. Бул тууралуу Аскарбеков өзү “Азаттыкка” кабарлады.

Бул күнкү отурумда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралды. Былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эксперттер "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деген көрсөтмө беришти.

- Сот тез жыйынтык чыгарыш үчүн процесстерди тез-тез өткөрүп, күн сайын коюп жатат. Кечээ, мурдагы күнү, бүгүн, эми эртең да уланат. Бүгүнкү отурумда менин митингде сүйлөгөн сөздөрүмдү тартып алган УКМКнын видеолору көрсөтүлдү. Төрт дискти бир саатча көрдүк. Бийлик тарабынан түзүлгөн топтун эксперти мына ошол видеону көрүп чыккандан кийин, “Аскарбековдун сөздөрүндө бийликти күч менен басып алуу чакырыгы жок” деп ачык айтты, - деди Аскарбеков.

Ал ошого карабай сот акыйкат чечим чыгараарынан шек санап жатканын айтууда. Процесс 16-февралда саат 16:00дө уланат.

11-январдагы соттук отурумда эксперттердин пикирине көңүл бурбай жатканы айтылып, ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн. Сот бул өтүнүчтү четке кагып, кайра адвокаттын өзүнө чара көрүү тууралуу Юстиция министрлигине арыз менен кайрыларын билдирген болчу.

Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда "бийликти басып алууга чакырган" деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген. Активист болсо өзүнө коюлган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG