Бишкектеги №47 колониясынын алдында абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун ата-энелери жана жакындары аларды абакка киргизүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди.
Аргынбаевдин айтымында, кармалгандардын жакындары саясатчыларды ачкачылык акциясын токтотууну суранышат.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф болсо саясатчылардын жакындарын алар менен жолуктуруу маселеси каралып жатканын билдирди.
Ачкачылык кармаган саясатчылардын жакындары 14-февралда Жогорку Кеңештин алдында акцияга чыгып, президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышкан.
"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.
Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын "Азаттыкка" 13-февралда билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган. (ErN)