Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизет


Стивен Мнучин.
Стивен Мнучин.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин Орусияга каршы жаңы жаза чаралары даярдалып жатканын, алар жакында жарыяланарын билдирди.

- Биз санкциялардын үстүнөн жигердүү иштеп жатабыз. Жакын арада чыгат деп күтсөңөр болот. Биринчи фазасы катары баяндама даярдалды, – деди Мнучин 14-февралда Сенатта.

Ал "баяндама" деп январдын аягында Кошмо Штаттар жарыялаган “Кремл тизмесин” эске алууда. Ага Орусиянын президент Владимир Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү адамдар жана олигархтар, жалпысынан 200дөн ашуун киши кирген. Анда бул адамдарга дароо санкция жарыялабаганы үчүн Финансы министрлиги конгрессмендердин сынына кабылган.

"Чектөөлөр Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу киргизилет" деп чечмеленди.

XS
SM
MD
LG