Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Көркөм муз тебүүдөн германиялык спортчулар биринчи орун алды


Алена Савченко менен Бруно Массо Түштүк Кореядагы Олимпиада учурунда. 15-февраль, 2018-жыл.
Алена Савченко менен Бруно Массо Түштүк Кореядагы Олимпиада учурунда. 15-февраль, 2018-жыл.

Түштүк Кореяда өтүп жаткан Пхёнчхаң оюндарында көркөм муз тебүү боюнча түгөйлөр таймашынын жыйынтыгы чыгарылды. Анда Германиянын атынан чыккан украин улутундагы Алена Савченко менен анын француз өнөктөшү Бруно Массо алтын медаль утушту.

Күмүш медалга кытайлык түгөйлөр Суи Вэньцзин менен Хан Цунг, коло байгеге канадалык Меган Дюгамель менен Эрик Редфорд ээ болушту. Ал эми орусиялык дуэт Евгения Тарасова менен Владимир Морозов төртүнчү орунга илинди.

Германия азырынча 8 алтын медалы менен Пхенчхан Олимпиадасында алдыда келатат. Ал эми көркөм муз тебүүдөн алган алтын медалы 1952-жылдан бери биринчиси.

XS
SM
MD
LG