Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 15:13

Айыл чарба министрлигинде 500дөн ашуун кызмат орду кыскартылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин курамында иштеген 500дөн ашуун кызматкердин жумуш орду кыскартылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков парламент жыйынында жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып жаткан учурда айтты:

- Айыл чарба министрлигинде 5280 адам иштейт. Биз азыр функционалдык милдеттерин карап жатабыз. Бүтүп калды. Болжол менен 500дөн ашуун кызмат орду кыскарат. Бирок бул кыскартуу ишке зыянын тийгизбегидей кылабыз. Бир топ нерселер эски бойдон кала бериптир.

Премьер-министр мекеме кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча пландар иштелип жатканын кошумчалап, милдеттер көбөйө турганын кошумчалады.

Депутат Акылбек Жамангулов бул министрликтин аймактардагы өкүлдөрү жакшы иштебей жатканын белгилеп, аларга берилген автоунаалар той-топур үчүн гана кызмат кылып калганын билдирип, "жер-жерлерге чыгып иштешпейт" деп сындады.

Кыргызстанда Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги - эң көп сынга кабылган мекемелердин бири. Буга чейин айрым адистер аны толук жоюп салуу маселесин көтөрүп келишкен. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG