Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:21

2017-жылы Ооганстанда кол салуудан, согуштан өлгөндөр азайды


Кабулда 2018-жылдын 28-январындагы бомба жарылуусунан өлгөн адам акыркы сапарга узатылууда.
Кабулда 2018-жылдын 28-январындагы бомба жарылуусунан өлгөн адам акыркы сапарга узатылууда.

Ооганстанда былтыр кол салуулар менен согуштук аракеттерде өмүрү кыйылган жана жарадар болгон жайкын тургундар бир аз азайды. Бирок абадан урулган соккуларда өмүрү кыйылгандар мурдагы жылдагыдан көбөйгөн. Мындай бүтүм Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы 15-февралда чыгарган жаңы баяндамада айтылат.

БУУнун эсебинде, былтыр Ооганстанда кол салуунун ар кандай түрлөрүнөн жана согуштук аракеттерде жайкын тургундар арасынан 3 438 адамдын өмүрү кыйылса, 7015 киши жарадар болгон.

- Биз жайкын тургундардын жабырланышы боюнча бул үрөй учурган цифраларды документтештиргенде жүрөк ооруйт. Бул цифралардын ар бири жакшы келечекке артылган үмүт талкаланганын көргөзүп турат, - деди Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссия башчысы Тадамичи Ямамото.

Оогандардын үчтөн экиси "Талибан" жана “Ислам мамлекети” тобу өңдүү экстремисттик уюмдардын, бештен бири болсо өкмөтчүл күчтөрдүн аракетинен улам өлүп же жарадар болгону кабарланат.

XS
SM
MD
LG