Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Иран президенти Индияга барды


Хасан Роухани 15-февралда Индиянын Хайдарабад шаарына келди.
Хасан Роухани 15-февралда Индиянын Хайдарабад шаарына келди.

Иран президенти Хасан Роухани жоон топ министрлери жана ишкерлердин коштоосунда 15-февралда Хайдарабад шаарына келди. Үч күндүк сапар учурунда ирандыктар Чобахар портуна жана башка инфраструктуралык долбоорлоруна Индиядан инвестиция тартууну сүйлөшөт.

«Чобахар транзити жана Чобахар аркылуу Индия үчүн Ооганстанга, Борбор Азияга жол ачылышы - Иран менен Индиянын мамилесинин бирден бир маанилүү өңүтү», - деди Роухани сапар алдында.

Өткөн декабрда Иран Чобахар портун кеңейткен. Тегеран бул порт деңизге түз чыга албаган Ооганстан менен Борбор Азия үчүн маанилүү транзит болот деп үмүттөнүүдө.

Портту кеңейтүүгө Индия буга чейин 235 млн доллар инвестиция салган. Ооганстан жана Борбор Азия базарларына Пакистандан башка жол менен жетүү үчүн Индия дагы 500 млн акча салууга даярдыгын билдирген. Пакистан бул коңшусуна аймагынан товарларын алып өтүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG