Flinghtradar24.com сайтынын маалыматы боюнча, 16-февралда таңкы каттамдар менен Дубай-Бишкек багытында учуп келген учак тумандан улам Алматы шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болду.
Ал эми Москва-Бишкек каттамындагы учак Ош аэропортуна конгон. Оштон Бишкекке келген учак артка кайткан.
"Манас" аэропортунун сайтындагы акыркы маалыматтар боюнча, саат 7:50дө Краснодардан, 8:40та Оштон учуп келген учактар аэропортко конду. Ушул тапта аэропорт кадимки тартибинде иштеп жатканы кабарланууда.(ZKo)