Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Эрика Марат Вашингтондо кафедра башчысы болду


Теги кыргызстандык, учурда АКШда жашаган саясат талдоочу, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Мараттын кызмат даражасы көтөрүлдү. Ал аталган университеттин Эл аралык коопсуздук маселелери боюнча колледжине кафедра башчы болуп дайындалды. Окуу жай Пентагонго карайт.

Эрика Марат өзү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, жаңы кызматына июлда расмий иштей баштайт. Алар америкалык жана чет элдиктерге аскерий стратегиядан сабак беришет.

Эрика Марат саясат жаатындагы анализдери, Борбор Азия саясатына жана эл аралык байланышка байкоо салган макалалары менен белгилүү. Ал Улуттук коргонуу университетинде 2014-жылдан бери иштейт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG