Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Бишкекте өтмөктө тилемчилик кылган кош бойлуу келин көз жарды


Акмаралдын тилемчилик кылып отурганы тууралуу алгач жарандык активист Умай Арыкова соцтармакка жазып, сүрөтүн чыгарган.
Акмаралдын тилемчилик кылып отурганы тууралуу алгач жарандык активист Умай Арыкова соцтармакка жазып, сүрөтүн чыгарган.

Бишкектеги жер астындагы өтмөктөрдө кайыр сурап отурган Акмарал аттуу келин 16-февралга караган түнү көз жарды. БУУнун өнүгүү программасында гендердик маселелер боюнча координатор Үмүтай Давлетованын билдиришинче, ымыркайдын салмагы 3,5 килограмм. Эне-бала Чүй облустук төрөт үйүндө.

32 жаштагы кош бойлуу келиндин тилемчилик кылып отурган сүрөтү февралдын башында интернетке тарап, жарандык активисттер жардам көрсөтө баштаган.

"Азаттык" радиосу Акмарал менен байланышты. Ал бөйрөгү ооругандыктан төрөт оор болгонун, азыр өзүн бир аз жакшы сезип жатканын айтты.

Келин Оштун Кара-Суу районунан. Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда ижара үйдө он жаштагы кызы менен турат. Буга чейин талаада иштеп, акча тапкан. Суук түшкөнү каражаттан кыйналып, тилемчилик кылууга мажбур болгон.

-Төрөт үйүнө өзүм "Тез жардам" чакырып эле келдим. Ажырашып кеткем. Кара-Сууда апам бар. Бирок бели ооруйт, мага келип жардамдаша албайт,- деди келин.

Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Шайыр Узагалиеванын айтымында, Акмарал төрөт үйүнө 11-февралда келген. Эки бөйрөгү ооругандыктан, дарыгерлер тийиштүү чараларды көрүп, төрөтүшкөн. Дүйшөмбү күнү ал төрөт үйүнөн чыгарылат.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары келиндин ысымын Айжамал деп жазып жатышкан. Дарыгер Узагалиева анын документтеги аты Акмарал экенин айтты.

Келиндин тилемчилик кылып жатканы тууралуу интернетке чыккан маалыматтардан соң, "Балдарды коргоо лигасы" бейөкмөт уюму жана жарандык активисттер көмөк көрсөтө баштаган.

Акмарал тууралуу алгач коомчулукка айтып чыккан активист Умай Арыкова билдиришинче, келин кызын Кара-Суудагы туугандарына жөнөткөн.

Жардам берүүнү каалагандар "Азаттык" радиосуна кайрылып, Акмаралдын байланыш номурун алса болот. Өзү фамилиясын жана телефон номурун ачыкка чыгарууну каалабады. (SE)

XS
SM
MD
LG