Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:10

Кыргыз-өзбек президенттери чек аранын калган бөлүгүн тактоону талкуулады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев. Ташкент, 13-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аралардын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнү жана анын зарылчылыгын талкуулады.

Бул тууралуу эки мамлекет башчы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүдө кеп кылышты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, алар чек ара маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы пландарынан сырткары, соода-экономикалык өз ара аракеттешүү боюнча да маалымат алмашты.

Коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери эки өлкө ортосундагы салттуу достукту, жакшы кошуналыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкө калкынын түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келерин белгилешти.

Алар саясий диалогду мындан ары ереңдетүүнүн жана 2017-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер учурунда жетишилген бардык макулдашууларды жүзөгө ашыруунун маанилүү экени жөнүндө сүйлөштү.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG