Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бишкекте кичиавтобус кабылган жол кырсыгынан бир адам жабыркады


Жол кырсыгы болгон жерден күбөлөр тартып алган сүрөттөр.
Жол кырсыгы болгон жерден күбөлөр тартып алган сүрөттөр.

Бишкек шаарынын “Көк-Жар” кичирайонунда жүргүнчү ташыган кичиавтобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Белгилүү болгондой, кырсык Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерге айдоочу тайгак жолдон рулду башкара албай калып, жол четиндеги арыкка оодарылып кеткенин айтып берген. Маршруттук транспорттун эшиги ачылбай калып, жүргүнчүлөр айдоочу тараптагы эшиктен чыгышкан. Окуя боюнча жеринде иликтөө иштери уланууда.

Жабырланган аял ооруканага жеткирилип, дарыланууда. Анын аты-жөнү такталып жатат.

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, ушул күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскерткен. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болоору да айтылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу айдоочуларды жолдо этият болууга чакырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG