Кыргызстандын Экономика министрлиги өз кызматкерлерине жана министр Артем Новиковго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендерден баш тартты. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.
Министрлик бул кадамын коомчулукта түрдүү реакция жаралганы менен түшүндүрдү.
Экономика министрлиги 13-февралда кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендер жарыялаган. Ага ылайык, үч ай ичинде 36 кызматкерге кыргыз тилин үйрөтүүгө 288 миң сом, министр Артем Новиковдун жеке өзүнө сабак берген мугалимге 36 миң сом төлөнөрү жазылган. Мекеме мунун зарылдыгын документтерди кыргыз тилине которуудан көп кызматкерлер кыйналары менен байланыштырган.
Өкмөт буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген токтом кабыл алган. 2018-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин "Кыргызтест" мекемеси текшере баштайт. (ErN)