Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Аба ырайы: туман каптап, кар жаайт


Бишкек
Бишкек

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, калың кар жаайт. Кар көчкү коркунучу бар. Мындай аба ырайы 18-февралга чейин созулат.

17-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаап, туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -11...-16 градус болот.

Бишкек шаарында бир аз кар жаап, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8...-10, күндүз -2...-4 градус болот.

XS
SM
MD
LG