Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Пакистан Сауд Арабияга аскер жөнөтө турган болду


Пакистандын жоокерлери аскерий парадда. 2015-жылкы сүрөт.
Пакистандын жоокерлери аскерий парадда. 2015-жылкы сүрөт.

Армиянын жарыясына караганда, Пакистан Сауд Арабияга “аскерлер контингентин” жөнөтүүдө. Пакистан аскерлери бул өлкөгө эки тараптуу коопсуздук кызматташтыктын алкагында “машыгуу жана кеңеш берүү” миссиясы менен жиберилет.

Армия билдирүүсүндө белгиленгендей, пакистандык аскерлер Сауд Арабиядан тыш аймакта жайгаштырылбайт.

Мындай жарыя Пакистандын армия башчысы Камар Баджва Сауд Арабиянын Исламабаддагы элчиси менен жолуккан соң жарыяланды.

Эр - Рияддан Исламабад 2015-жылы Йеменде жаңжал башталгандан бери эле аскер жөнөтүүсүн талап кылып келген. Бирок пакистан парламенти ошол эле жылы Йемен жаңжалында Исламад “ бейтарап” турумду кармана турганын жарыялаган резолюция кабыл алган.

Сауд Арабия баштаган коалиция Йемендеги жарандык согушка кийлигишип, Иранга өнөктөш хусит козголоңчулары менен күрөштө өкмөттүк күчтөрдү колдоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG