Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Абдылдаев: ЖЭБдеги кырдаал боюнча адегенде өкмөттү сураш керек


Abdyldaev
Abdyldaev

“ЖЭБдеги кырдаал боюнча адегенде өкмөттү сурак кылыш керектигин” Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссиянын парламенттеги жыйында билдирди. Ал алгач “шалаакылык” беренеси менен козголгон “кылмыш иш кайсы кызматкерлерге багытталган, ким жоопко тартылат?” жөнүндө тиешелүү кызматтарга суроо салды.

Кылмыш ишин тергеп жаткан УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары факты эми гана тергелип жатканын, айып кимге коюлары белгисиз экенин билдирди. Депутат Абдылдаев ага кайра жооп берип, бул иш боюнча жогорку кызматтагыларды суракка алуу керектигин айтты:

- Бул жерде жөнөкөй кызмат адамдары күнөөлүү деп жатпайбы. Силер ЖЭБдеги нөөмөттөгү катардагы кызматкерлерин сурайсыңарбы? ЖЭБдин, мэриянын жетекчилерин сурасаңар ал башка иш, өкмөттүн жетекчилерин сурасаңар ал башка иш. Анда туура болот. Силер биринчи кезекте өкмөттү сурак кылышыңар керек.

Ушундай эле пикирди башка бир депутат Исхак Масалиев да айтты.

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык абалды иликтеген депутаттык комиссия бүгүн Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаалды талкуулап жатат. Депутат Улан Примов баштаган комиссия 12 депутаттан турат. Аларга өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жооп берип жатат.

26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу борбор калаадагы үйлөргө, социалдык мекемелерге бир жумадай жылуулук жетпей калган.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия 14-февралда баштапкы жыйынтыгын чыгарып, кырсыктын себептерин жарыялаган. Анда өндүрүштүк кырсыкка ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгону” айтылган. Тагыраагы ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампалардагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберип, ал жабдуулардын иштен чыгышына алып келгени көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG