Өзбекстандын күч органдары кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерге 573 миң 280 долларды таштай качкан адамды издеп жатышат. Бул тууралуу "Спутник Өзбекстан" агенттиги расмий маалыматка таянып билдирди.
Кабарга ылайык, өзбек чек арачылары Кыргызстанга өтүүгө тыюу салынган жерде бараткан адамды токтотууга аракет кылган учурда ал колундагы баштыкты таштап качып кеткен. Бирок окуя кайсы аймакта болгону кабарлана элек.
Окуя Өзбекстан тарапта болгондуктан, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы комментарий берген жок.
Эгер акчаны таштап кеткен адам кармалса, аткезчилик боюнча айыпталып, Өзбекстандын мыйзамдары боюнча сегиз жылга чейин камалышы мүмкүн. (SE)