Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча айыпталгандар өмүр бою кесилди


Аскерий төңкөрүш аракетинин эртеси. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл.
Аскерий төңкөрүш аракетинин эртеси. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл.

Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, Стамбулдун соту бүгүн 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталган алты журналистти өмүр бою эркинен ажыратты. Алардын арасында Taraf гезитинин мурдагы башкы редактору Ахмет Алтан, анын бир тууганы журналист жана илимпоз Мхмет Алтан да бар.

Түрк бийлигинин эсебинде, соттолгон журналисттердин АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленге байланышы бар.

Гүлен өзү расмий Анкаранын 2016-жылдын 15-июлундагы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турган деген айыптоосун четке каккан.

Өмүр бою соттолгон журналисттерге прокурорлор Түркиянын Конституциясына каршы аракет көргөн, террордук уюмга мүчө болгон деген айып койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG