Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Казакстанда “атайын операцияда” Кыргызстандын эки жараны кармалды


"Кордай" көзөмөл-өткөрмө бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.
"Кордай" көзөмөл-өткөрмө бекети. 11-октябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме жасап, Tengrinews агенттиги кабарлады.

Казак Башкы прокуратурасынын расмий маалыматында “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү бир учурда жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганы, операция “өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго” каршы жүргүзүлгөнү айтылат.

Коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кармалгандар арасында “бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын эки жараны бар экени” белгиленет. Кыргызстандын расмий органдары бул маалыматты азырынча расмий ырастай элек.

Былтыр октябрь-декабрь айларында кыргыз-казак чек арасы элүү күнгө жакын жабылганда казак өкмөтү Кыргызстан тарапты чек арада контрабандага жол берип жатканы үчүн айыптаган. Расмий Бишкек Астананын дооматтарын четке каккан.

2-декабрда эки өкмөт чек араны ачуунун "жол картасы" деп аталган документке кол койгон. Анда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы тармактары боюнча иш-чаралар камтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG