Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Вашингтондун 30 баракка жазылган айыптоо документи боюнча пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Захарова “АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын 13 жараны таасирин тийгизди деген айып акылга сыйбай турганын” жазды.
Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы шайлоого киришүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер 17-февралда айыптоо документин жарыялап, анда Орусиянын 13 жаранына, үч компанияга кине койгон. Мюллер орусиялыктар аналитикалык интернет сайттары аркылуу шайлоо учурунда Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлери менен байланышып, АКШдагы шайлоого таасир этүүгө аракет кылганын айткан. Ошол эле маалда азыркы президент, ал кездеги талапкер Дональд Трамптын штабындагылар орусиялык “троллдор” менен эмес, АКШдагы активисттер менен сүйлөшүп жатабыз деп ойлошкон" деди атайын прокурор.
АКШдагы шайлоого киришкен деп шектелген компаниялардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын делген Евгений Пригожиндин "Конкрод" компаниясы да бар. Аларга АКШ прокуратурасы “кылмыштуу кутум”, “алдамчылык” жана “жеке маалыматтарды уурдоо” деген беренелер боюнча айып тагууда. (ErN)