Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 20:46

Жалал-Абад мэриясы жолду тосуп алган ишкерге эскертүү берди


Жеке ишкер тосуп алган Ленин көчөсүндөгү тосмо. Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жол коопсуздугу үчүн көчө четине коюлган тосмолорду унаа өтүүчү жол жакка жылдырып, муниципалдык жерди ээлеп алган жеке ишкерге эскертүү берди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Буга чейин калаа жетекчилиги унаалар тыгынын жоюу жана жөө атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында борбордук көчөлөрдүн жээгине темир тосмолорду орноткон. Көчө боюнда өзүнүн бизнес-объектиси бар жеке ишкер Ленин көчөсүндөгү тосмолорду өз алдынча жолго карай бир метрге жылдырып салган. Натыйжада шаардын башкы көчөсүндөгү жол кыймылына ыңгайсыздык жаралган.

Жалал-Абад шаардык мэриясы берилген мөөнөттүн ичинде тосмолор кайра калыбына келбесе, сотко кайрылганы турат. Бирок бул үчүн канча мөөнөт чектелгени айтылган жок.

2015-жылы калаа жетекчилиги борбордук көчөлөрдөгү бул тосмолорду курууга 2 миллион сомдон ашык каражат сарптаган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG