Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 20:03

Талас шаарындагы тогуз мектептин жана "Манас Ата-Сапат" билим берүү мекемесинин 9-10-11-класстарынын окуучулары бүгүн англис тилинде уюштурулган дебатта күч сынашууда. Бул тууралуу дебаттын уюштуруучулары билдиришти.

Анда окуучулардын бир өңчөй форма кийүүсү, телефон көтөрүп жүрүү, компьютер колдонуу сыяктуу мектептерде актуалдуу болгон темалар талкууланып жатат. Оюнга жалпысынан 42 команда (126 окуучу) катышууда.

Эртең жыйынтыктала турган дебаттын жеңүүчүлөрү атайын дипломдор менен сыйланат. Мындан тышкары оюнга катышкан ар бир окуучуга сертификаттар тапшырылат.

Таласта алгачкы жолу өтүп жаткан англис тилиндеги дебатты Талас мамлекеттик университети, "Манас Ата-Сапат" билим берүү мекемеси жана АКШнын "Тынчтык корпусунун" облустагы ыктыярчылары биргеликте уюштурууда. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG