Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Сейрек кездешчү айбанаттарды коргоо боюнча мыйзамга кол коюлду


Президент Сооронбай Жээнбеков
Президент Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков “Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 4-январында кабыл алган. Мыйзам Кыргызстандын кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, өтө сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоо, өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү максатын көздөйт.

Мыйзамга Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркындагы өсүмдүктөрдү жана аталган корукта жайгашкан Кара-Суу көлүндөгү балыктардын жергиликтүү түрлөрүн коргоо боюнча өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG