Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

18-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, кар калың жаай турганын эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, калың кар жаайт. Кар көчкү коркунучу бар.

18-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-3;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10;

18-февралда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын табы борбордо түнкүсүн -9...-11, күндүз -3...-5 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG