Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:58

АКШ менен Түркия Сирия боюнча кызматташууну макулдашты


Рекс Тиллерсон менен Мевлют Чавушоглу. Анкара.
Рекс Тиллерсон менен Мевлют Чавушоглу. Анкара.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 16-февралда Анкарадагы сүйлөшүүдөн кийин Сирия боюнча кызматташуу тууралуу бир пикирге келгенин жарыялашты. Алар эки тараптуу мамилени татаалдаштырып жаткан маселелерди чечүү үчүн жумушчу топ түзөөрүн билдиришти.

Анкара менен Вашингтондун ортосундагы ымала бир нече апта мурда Түркия Сирияга кезектеги аскерий операциясын жасагандан кийин солгундап кеткен.

"АКШ бир иш кылса, Түркия башка иш кылган учурдан өттүк, биз эми жалгыздап иш алып барбайбыз",-деди Тиллерсон сүйлөшүүлөрдөн кийин. Чавушоглу болсо Түркия менен АКШ эки тараптуу мамилени жакшыртуу зарылчылыгын түшүнгөнүн билдирди.

Январь айынын экинчи жарымында түрк аскерлери Сириянын Африн аймагына кирип келип, күрт согушкерлерине чабуул жасаган. Бул операция АКШнын нааразылыгын жараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG