Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Лавров Мюллердин айткандарына жооп кайтарды


Сергей Лавров Мюнхендеги коопсуздук конференциясында. 16-февраль, 2018-жыл
Сергей Лавров Мюнхендеги коопсуздук конференциясында. 16-февраль, 2018-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого орусиялыктар кийлигишти дегенди "келжирек сөз" катары баалады. "Бардык нерсени жарыялай берсе болот. Далилдерди көрмөйүнчө калганы келжирек сөз. Дипломатияга туура келбеген сөздү колдонгонум үчүн кечирип коюңуздар”, - деди Лавров Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференция учурунда.

16-февралда 30 беттен ашык айыптоочу документти АКШ жарыялагандан кийин Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү Мария Захарова АКШ прокурору Роберт Мюллердин 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти деп атаган 13 кишинин аты-жөнүн көрүп таң калганын билдирген. Ошол эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттерге" Орусия 2014-жылдан тартып, ал президенттикке ат салыша электе эле шайлоо ишине кийлигишкенин жазып чыккан. Ал бул сөзү менен өзү жана айланасындагылар орусиялыктар менен кызматташпаганын далилдегиси келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG