Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу жарым-жартылай ачылды


Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тартылган сүрөт. 17-февраль.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тартылган сүрөт. 17-февраль.

Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолуна түшкөн кар көчкү үч күндөн кийин тазаланып, жол бир изге ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган жолдун 75-102-чакырым аралыктарындагы Тамчы тилкесинде 15-февраль күнү көлөмү 73000 куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Ошондон бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кара-Кулжа районундагы №26 жол тейлөө башкармалыгынын техникалары көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан. Кечээ кечке чукулдап жол жарым-жартылай ачылган. Кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан түнүндө тазалоо иштери токтотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG